Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 30
Баткен районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси Эгемберди Абыловдун талыкпаган эмгегин жана Баткен районунун социалдык экономикалык онугуусуно кошкон зор салымын эске алып, депутат К.Камиловдун сунушун карап чыгып жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси Эгемберди Абыловду Баткен районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
2. Сунушту даярдап жөнөтүү жагы Кара-Бак айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.камиловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Надировага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |