Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23- августу № 25/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.10.2013-жылдагы № 573 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин 12.07.2016-жылдагы № 11-17 протоколдук тапшырманын негизинде айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишим жөнүндө
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевдин жогорудагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 573 токтомунун, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин 12.07.2016-жылдагы № 11-17- протоколдук тапшырмасы боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү ЗАГС жана элди каттоо департаменти менен түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Түзүлгөн келишимдин негизинде иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тургуналиева |