Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXV сессиясы
2016-жылдын 28-ноябры № 26/1
Эл аралык күрөш боюнча К.Мырзабеков атындагы мектепте уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, К.Мырзабеков атындагы орто мектебинин машыктыруучусу Кенжекараев Максатбектин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылындагы К.Мырзабеков атындагы орто мектебинде эл аралык күрөш боюнча мелдеши уюшкандыкта өткөрүлсүн.
2. Эл аралык күрөш боюнча мелдешине кетүүчү 100 (жүз миң) сом акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы эл аралык күрөш өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.
- С.Убалиев- айыл өкмөт башчысы, ком. төрагасы
- К.Сексеков- К.Мырзабеков ат. мектеп директору, ком.мүчөсү
- М.Кенжекараев-машыктыруучу, ком. мүчөсү.
- М.Жумантаев- а/к депутаты, ком. мүчөсү.
- И.Султаналиев- а/к депутаты, ком. мүчөсү.
- К.Турумов- а/к депутаты, ком. мүчөсү.
- Н.Көчөров- а/к депутаты, ком. мүчөсү.
4. Эл аралык турнирге кеткен чыгымдарды көзөмөлдөп берүү жагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Тургуналиева |