Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVIII-чакырылышынын) III-сессиясы
2017-жылдын 24-январы № 2
Чаек айыл аймагындагы турмуш шарты начар, жардамга өтө муктаж жарандардын тизмесин тактап жардам берүү жана айыл аймагына ветеринардык клиника ачуу үчүн, ветеринардык талапка ылайык жер участогун тактап берүү жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы турмуш шарты начар, жардамга өтө муктаж жарандардын тизмесин тактап жардам берүү жана айыл аймагына ветеринардык клиника ачуу үчүн, ветеринардык талапка ылайык жер участогун тактап берүү жөнүндө, Чаек айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап Чаек айылдык Кенешинин 17.01.2017-жылдагы III-сессиясында көрсөтүлгөн протоколдук тапшырмасына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы турмуш шарты начар, жардамга өтө муктаж жарандардын тизмесин тактап чыгып, айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү жардамдар берилсин.
2. Айыл аймагына ветеринардык клиника ачуу боюнча ветеринардык талапка ылайык жер участогун тактап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Чаек айылынын тургуну Сулайманова Керезге дайындалган камкорчуну тактап, даректүү жардамдар берилсин
4. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А. Токтоналиевага тапшырылсын.
Төрага | Өмүрбек у Мырзабек |