Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айылдык Кеңешинин (XXVIII-чакырылышынын) IV сессиясы
2017-жылдын 26-январы № 1
Жыйынга катышкандар: Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Н. Термечиков
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары: 21 (жыйырма бир).
Күн тартибиндеги маселе: Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына добуш берүү.
Жыйынды Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Н. Термечиков ачты. – Урматтуу депутаттар, баардыгыныздардын мандатыныздар кут болсун !
Бүгүнкү биздин чогулганыбыздын себеби, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына добуш берүү. Сиздердин айылдан Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына үч талапкер койгон.
Бүгүнкү жыйынга депутаттардын баардыгы келгендиктен кворум бар.
21 (жыйырма бир) депутаттын баардыгы катышып отурасыздар. Бүгүнкү добуш берүүгө бюллетендер келди, анда добуш берүүнү баштасаныздар.
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары добуш берип, Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколуна ылайык, талапкерлердин алган добушу төмөндөгүдөй болду.
Жалпы бюллетендердин саны – 21
Пайдаланылбай калган бюллетен болгон жок.
Жалпы добуш эсептелинип чыгып добуш берген бюллетендердин саны – 21 (жыйырма бир)
Каршы, калыс жок.
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын добуш берүүдөгү жыйынтыгынын негизинде,
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
Алапай уулу Кенжебек – 0 (0) добуш
Алымкулов Рустам - 9 (тогуз) добуш
Шайлоонун жыйынтыгы менен Кадыров Бектен Солтобекович Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколуна ылайык 12 (он эки) добуш алгандыгы белгиленсин.
Шайлоо мыйзам чегинде ачык айкын өттү деп табылсын.
Төрага | Өмүрбек у Мырзабек |