Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын № V кезексиз сессиясы
2017-жылдын 28- апрели № 5/4
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 2017-жылы кошумча лицензияны кармоо укугунан 221 876 сом, токой чарбасын пайдалануудан 165 000 сом түшкөн жалпы 386 876 мин сом акча каражатын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Төлөгөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Адыраңов орто мектебинин от казанынын АПУ, ИТУ га 13150 сом бөлүнсүн.
2. Т.Адыраңов орто мектебинин от казанынын госэкспертизасына 5698 сом бөлүнсүн.
3. Калинин айылындагы балдар бакчасынын АПУ, ИТУсуна 8000 сом бөлүнсүн.
4. Калинин айылындагы ҮДТнын госэкспертизасына 10740 сом бөлүнсүн.
5. Калинин айылынын клубунун АПУ,ИТУсуна 8000 сом бөлүнсүн.
6. Жайыт комитетине өздүк салым үчүн 250 000 сом бөлүнсүн.
7. Т.Адыраңов орто мектебинин жолуна 20 000 сом бөлүнсүн.
8. А.Чортеков орто мектебинин таштандысын чыгарууга 15 000 сом бөлүнсүн.
10. Ички жайытка мал киргизбөө үчүн тор зым тосконго 8397 сом бөлүнсүн.
11. Терек-Суу айылындагы подстанцияга 7891 сом бөлүнсүн.
12. Терек-Суу айылынын көчөсүнө суу түтүгүн киргизүү үчүн 40 000 сом бөлүнсүн.
Төрага | Б.Төлөгөнов |