Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-июлу №8/32
Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн 2016-жылда кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 17)-пунктуна негиз, шаардык кеңештин 2017-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясын 2017–жылдын 11–июлундагы №11 чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн 2016-жылда шаарда кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча алып барган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигине (А.Аширбаев) милдеттендирилсин:
шаарда кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча алып барып жаткан иштеринде кетирилип жаткан кемчилдиктерди тез арада жоюу боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы;
жаштар жана жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардын мэриясы, шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардагы айыл башчылар, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары менен биргеликте профилактикалык иштерди жүргүзүү жагы;
жол-автоунаа кырсыктарын азайтуу, автоунаа айдоочулары тарабынан жол эрежелерин бузулушун төмөндөтүү максатында, “светофор”, “ылдамдык” сыяктуу рейддерди өткөрүү менен профилактикалык иштерди алып баруу жагы;
кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн ички жана тышкы мигранттар менен иш алып баруу жагы;
экстремисттик мүнөздөгү кылмыштардын алдын алуу, диний жана конфессиялар аралык касчылыкты болтурбоо үчүн мамлекетибизде тыюу салынган диний агымдар менен байланышы бар жарандарды аныктоо жана аларды мыйзам чегинде жоопкерчилике тартуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова
|