Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-июлу №8/33
“Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 7-декабрындагы №196 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014–жылдын 7–февралындагы №24 “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу” Жарлыгынын Кызыл-Кыя шаарында аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
“Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014–жылдын 7–февралындагы ПЖ №24 Жарлыгын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015–жылдын 13–мартындагы №13–8/63 сандуу “Диний экстремизмге каршы күрөшүү жана терроризмдин алдын алуу, деструктивдүү диний агымдардын миссионердик ишин болтурбоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө” буйругун аткаруу максатында, Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2015–жылдын 27–мартындагы №01–16/103 буйругу кабыл алынып, буйрук менен мекемелер аралык иш план бекитилген.
Бирок Кызыл–Кыя шаарынын мэриясы тарабынан 2016–жылда “Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 7-декабрындагы №196 Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жогорудагы Жарлыгын ишке ашырууга толук көңүл бурулбай жатканы белгиленет.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө жана шаардык кеңештин Регламентине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Кыргыз Республикасынын дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 7-декабрындагы №196 Мыйзамын жана “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014–жылдын 7–февралындагы №24 Жарлыгын ишке ашыруу маселесине Кызыл–Кыя шаарынын мэриясы тарабынан толук көңүл бурулбай жатканы белгиленсин.
Шаардын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин:
шаардын жаштарынын арасында үгүт иштерин колго алып, Кыргызстандын элине жат болгон көрүнүштөрдү, жашоого жат мүнөздү, маданиятты түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн диний иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк өкүлчүлүгү менен биргеликте шаарда социалдык–экономикалык абалды жакшыртуу боюнча кабыл алынуучу иш чаралар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, учурдагы маселелерди чечүү максатында диний уюмдардын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз иш алып баруу жагы;
шаардагы массалык маалымат каражаттары аркылуу диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты колдоого, Кыргызстан элинин маданиятын жана каада салттарын, өлкөнүн мусулмандары үчүн салттуу болгон «Ханафий» масхабын оң жагынан чагылдырууга, диний фундаментализмдин, радикализмдин жана экстремизмдин идеяларын жайылтууга каршы аракеттенүүгө багытталган макалаларды жарыялоо, телекөрсөтүүлөр жана радиоберүүлөрдү уюштуруу жагы.
Шаардын укук коргоо кызматтарынын башчыларына (Т.Бурдушаев, А.Сегизбаев, А.Аширбаев) төмөнкүлөр сунушталсын:
Шаарда социалдык оперативдүү кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүү жана анын өнүгүү божомолуна негиз, чыр чатактардын алдын алуу боюнча иш чараларды жүргүзүү жагы;
Шаардагы диний мекемелердин ишине талдоо жүргүзүлсүн, башка агымдардын жана каттоосуз иштеген башка шарттагы диний уюмдарына каттуу көзөмөл жүргүзүү жагы.
Маданият бөлүмүнүн башчысына (К. Кулматова) шаардын элине жана өсүп келе жаткан жаштарды ата–бабаларыбыздын руханий дөөлөттөрүн, маданиятын, үрп–адаттарын, мекенчил патриоттук духта тарбиялоону чагылдырган иш чараларды жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
Шаардагы кварталдык комитеттеринин, көп кабаттуу үйлөрдөгү үй комитеттеринин төрагаларына жана айылдардагы айыл башчыларына, кварталдык жана көчө комитеттеринин төрагаларына чет мамлекетте диний окуу жайларда окуган жаштардын санын тактап, шаардын жергиликтүү бийлигине ай сайын маалыматтарды берүү, эгерде шектүү үй–бүлөлөр болсо, шаардын укук коргоо органдарына тез арада билдирип туруу жагы тапшырылсын.
Мечиттердин имамдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
Кыргыз элине жат болгон кийим–кечелерди кийүүгө, аны жайылтууга каршы туруу жана кыргыз элинин улуттук кийимдерин кийүү боюнча үгүт иштерин алып баруу жагы;
Шаардын аймагына башка аймактардан келип дааватка чыгуу маселеси иретке келтирилип, даават жүргүзүү шаардын баш имам-хатибинин, шаардык хатибияттын катуу көзөмөлүндө болсун, даават муфтияттын талабына ылайык келген кийимде жана дааватчыны тастыктоочу документине ылайык жүргүзүүнү колго алуу жагы;
Кызыл–Кыя шаарынын аймагында жайгашкан мечиттерде жума намаздары Кыргыз Республикасынын Муфтияты тарабынан сунушталган масхабында гана окууну камсыз кылуу жагы;
Башка масхабда намаз окуган жарандарга мечиттин имамдары тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Дарипова
|