Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз IV - сессиясы
2017-жылдын 23-августу № 4/2
Көк-Жаңгак шаардык өз алдынча чарбалык эсептеги «Шар-Булак» участкасынын жетекчиси К.Киезбаевдин аткарган иштери боюнча маалыматын угуу жана № 31 27.06.2017-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык өз алдынча чарбалык эсептеги Шар-Булак участкасынын жетекчиси К.Киезбаевдин аткарган иштери боюнча маалыматын жана № 31 27.06.2017-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезексиз IV - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык өз алдынча чарбалык эсептеги «Шар-Булак» участка-сынын жетекчиси К.Киезбаевдин маалыматы эске алынсын.
2.Шаарда курулуш курулуп жаткан мезгилде шаар тургундарына курулуштун түрүн карап колдонгон суу үчүн «Шар-Булак» ишканасы менен келишим түзүлсүн : 1 этаж курулушка – 500 сом
2 этаж курулушка -1000 сом бекитилип берилсин.
3.Көпчүлүк эл колдонгон суу түтүкчөлөрүнө жеке автоунааларды жууга тыйу салынсын, болбосо айып пул 500 сомдон 1000 сомго чейин салууга макулдук берилсин.
4.Абоненттердин коросундагы суу түтүкчөлөрүнүн винтельдери жок болсо 500 сомго чейин айып пул салууга уруксат берилсин.
5. Абоненттерден түшкөн арыз негизинде суу түтүкчөлөрүн улаштыруу үчүн 200 сом төлөм алынсын.
6.Бул токтомдун аткаруу жагы шаардык «Шар-Булак» участкасынын жетекчиси К.Киезбаевге милдеттендирилсин.
7.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы кеңештин экономика,өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жетекчиси С.Матназаровго жүктөлсүн.
8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |