Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин кезектеги ХХVIII сессиясы
2016-жылдын 10-октябры № 28-3
«Төлөйкөн айыл аймагындагы Төлөйкөн айылынын Бодур-Таш участкасынын тургундарынын арызы жөнүндө»
Төлөйкөн айыл аймагындагы Төлөйкөн айылынын Бодур-Таш участкасынын тургундарынын ашар жолу менен 1992-жылы курулган мечиттин жер тилкесин бекитип берүү жөнүндөгүарыздарын карап, жана талкуулап Төлөйкөн айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл аймагындагы Төлөйкөн айылынын Бодур-Таш участкасында ашар жолу менен 1992-жылы курулган мечиттин жер тилкесин бекитип берүү боюнча токтом кабыл алып берүү жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовдон сунушталсын.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук архитектура жана курулуш жана Кара-Суу райондук мамлекеттик мүлктү каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомду мыйзамдын негизинде аткарылышы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн юристи А.Осмоновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдукаримовдон суралсын.
Төрага | И.Ажиматов |