Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 09-декабры № 29/1
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2016 - жылга каралган бюджетинин 9 айлык аткарылышы жана бюджетке өзгөртүү,толуктоолордукиргизүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджетинин 9айлык аткарылышы жөнүндөгү маселе боюнча айылдык округдун ФЭО бөлүмүнүн башчысы Г.Бердиеванын отчетун угуп жана бюджетке өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунуштарын эске алып депутаттардын Төлөйкөн айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга 9 айлыкка карата Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери 15215,5мин сомго ал эми чыгашалары 115б5,3миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2016-жылга 9 айлык Төлөйкөн айылөкмөтүнүн атайын каражатынын кирешелер жана чыгашалары 500,3миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Бердиеванын 2016-жылдын 9 айлык аткарылышы боюнча берилген отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
4. Бюджетке 9 айлык пландан ашыкча түшкөн 860,8мин сом акча каражатынын эсебинен Айыл өкмөттүн имаратынын аймагына навес курууга 493,8мин сом, ар түрдүү чыгымдарга 19,9мин сом акча каражаты берилсин.
5. Айыл өкмөткө эмерек (мебель) сатып алууга 3112-стаьясына 300,0миё сом акча каражаты,билим берүүбөлүмүнөн 2224-көмүр сатып алуу статьясынан 276,7мин сом, айыл өкмөттүн 3411-кап ремонт статясынан үнөмдөлгөн акча каражаттын 23,3 миё сом 3111-кап ремонт статясынан которулсун.
6. Айыл өкмөттү жасалгалоого (оформлениесине) 100,0мин сом акча каражаты, библиотека бөлүмүнөн ар түрдүү чыгымдар-статьясынан которулсун.
7. 70629-Турак жай бөлүмүнүн 3111 -Имараттар жана курулмалар статьясынан 39,1 мин сом акча каражаты айыл өкмөттүн газ түтүктөрүн жылдыруу кызматына төлөө үчүн 70111-бөлүмүнүн 2215-ар түрдүү чыгымдар статьясына которулсун.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Төлөйкөн айыл өкмөтунун башчысы А.Абдукаримовго жүктөлсүн.
Төрага | И.Ажиматов |