Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы
2016-жылдын 09-декабры № 29/2
Төлөйкөн айылында жайгашкан эски Н.Сайдиев орто мектептин имаратын ремонттоп балдар бакчасына өзгөртүп берүү жөнүндө
Төлөйкөн айылында жайгашкан эски Н.Сайдиев орто мектептин имаратын капиталдык ремонттоп, балдар бакчасына өзгөртүп берүү үчүн, айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын которуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн орун басары У.Кадыровдун сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылында жайгашкан эски Н.Сайдиев орто мектептин имаратын капиталдык ремонттоп анын ордуна 120 орундуу балдар бакчасын куруу максатында, айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин эсебинен 2 млн 512 мин 632 тыйын акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдун өз убагында аткарылышын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Бердиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовго жүктөлсүн.
Төрага | И.Ажиматов |