Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 4-сессиясы
2017-жылдын 13-марты № 13
Жайыт жерлерди натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнундө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кара-Булак айылдык Кеңешинин У1-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтуу Кенеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана
бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендитрилсин.
Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же
аларды иш жүзүндө аткарууда одоно кемчиликтерге жол берилсеанын ичинен жайыт
комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса
өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органына кайтарылып алынары жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу
органы- Жайыт Комитетине эскертилсин.
3. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мучөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтуу расмий окулчулукторуно жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштуу отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдеттүү.
4. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууга, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтулуп туруусу белгиленген.
5. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жургузулүүсү каралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын тейлөө Кара-Булак айыл аймагынын башчысы А.Бекташовго жуктөлсүн.
Төрага | И.Тилеков |