Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы № 3
Курулуш айылынын тургуну Токталиева Назикандын арызын кароо жөнүндө
Курулуш айылынын тургуну Токталиева Назикандын арызын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХУII- чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл Өкмөтүнүн Курулуш айылынын тургуну Токталиева Назикандын арызы эске алынсын.
2. Курулуш айылынын тургуну Токталиева Назикандын уулу Джумабаев Темирбектин капыстан болгон кырсыктын айынан эки көзү тен көрбөй калгандыгына дарылатуу үчүн материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 (отуз миң) сом, акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 (отуз) миң акча каражатын ажыратып берүү жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Б Мураталиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Төрага | Стамбаев Т. |