Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 4 -сессиясы
2017-жылдын 18-февралы № 1
«Айылдык Кеңештин депутаттары Сейитова Жамбила Тажикуловнанын жана Эгембердиев Таалайбек Садишовичтин депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө»
“Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 1,2-пункту жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктуна ылайык Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сейитова Жамбила Тажикуловна Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Эгембердиев Таалайбек Садишовичтин Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
3. Кийинки депутатты мыйзамга ылайык аныктап берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасы Т Стамбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Стамбаев Т. |