Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 42
Кочкор-Ата шаарындагы кафе-ресторандардын түнкү иштөө убактысына чектөө киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Нышановдун жана Коомдук алдын алуу Борборунун мүчүлөрүнүн, шаар калкынын коопсуздугу, тынчтыгы жана кылмыштуулуктун алдын алууга, шаарындагы кафе-ресторандардын түнкү иштөө убактысын белгилеп берүүгө жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун, «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафе-ресторандардын, той-тамаша, оюн-зоок өткөрүүчү жайлардын кечки иштөө убактысы кечки саат 23ººдө токтотулсун.
2. Шаардын аймагындагы интернет клубдарга келип ойногон жашы 16 жашка толбогон жаш өспүрүмдөрдү кечки саат 21ººден кийин киргизүүгө жол берилбесин.
3. Шаар аймагында спирттик ичимдиктерди саткан соода түйүндөрү түнкү саат 23ººдөн кийин спирттик ичимдиктерин сатууга уруксат берилбесин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык ички иштер бөлүмүнө, Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрүнө, менчигинин түрүнө карабай шаар аймагында жайгашкан бардык кафе-ресторандардын, той-тамаша, оюн-зоок өткөрүүчү жайлардын, спирт ичимдиктерин саткан соода түйүндөрдүн жана интернет клубдардын ээлерине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов. |