Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 43
Шаардык Кеңешинин токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча, Кочкор-Ата шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорунун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздарынын аткарылышы боюнча, Кочкор-Ата шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин боюнча, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын № 01-05/12 токтому менен бекитилген 2017-жылга иш мерчеминин 6-пунктуна ылайык «Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылсын.
2. Туруктуу комиссиянын мэриянын жалпы бөлүмүнүн иш кагаздарынын аткарылышы боюнча берген маалыматындагы кемчилдиктерди жоюуну мэриянын жалпы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов. |