Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 44
Тазалык ишканасы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын № 01-05/12 токтому менен бекитилген 2017-жылга иш мерчеминин 6-пунктуна ылайык, шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын иштөө абалы боюнча шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылсын.
2. Шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын директоруна төмөндөгү тапшырмаларды кезектеги сессияга чейин иштеп чыгуусу тапшырылсын;
3. Шаар аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу боюнча зоналарга бөлүп ишканалардын ишмердүүлүгүнө жараша тарифине өзгөртүү киргизүүнү;
-шаар тургундарына карата таштандыларды төгүүгө тыюу салынган жерлерге төккөндүгү үчүн айып пул салууну;
-таштандыларды ташып чыгарууда техникалардын көчө кыдыруу графигин бекитип, график боюнча иштөөнү көзөмөлгө алууну.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов. |