Редакцияот 05.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 45

«Жомок» балдар бакчасынын иштөө абалынын жүрүшү жөнүндө

     Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин кезектеги IV сессиясынын № 01-05/12 токтому менен бекитилген иш пландын негизинде «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелри боюнча» туруктуу комиссиясынын «Жомок» балдар бакчасынын иштөө абалы жүрүшүндө, 2017-жылга аткарылуучу иш-планга балдар бакчасындагы аткарылуучу жумуштар киргизилбегендиктен вице-мэр менен балдар бакчасынын башчысына эскертүү берүүнү, балдар бакчасынын инвентарлары эскилиги жетип списание болбой санитардык жактан ар түрдүү инфекциялардын пайда болушуна жол бергендиктен каржы-экономика бөлүмүнүн башчысын жана балдар бакчасынын ремонтун жасоодо 3(үч)миллион сом акча сарпталып азыркы күндө абалы өтө начардыгын эске алып муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысын жумуштан чететүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелри боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылсын.

2. 2017-жылга аткарылуучу иш-планга балдар бакчасындагы жасалуучу жумуштар киргизилбегендиктен вице-мэр Немат уулу Жайнакка эскертүү жана балдар бакчасынын башчысы А.Т.Сапаровага эскертүү берүүнү шаардын мэри А.Т.Жумаевге сунушталсын.

3. Балдар бакчасынын инвентарлары эскилиги жетип списание болбой, санитардык жактан ар түрдүү инфекциялардын пайда болушуна жол бергендиктен каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Мамбеткулова Жазгулдүн жана балдар бакчасынын ремонтун жасоодо 3(үч)миллион сом акча сарпталып азыркы күндө абалы өтө начардыгын эске алып муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Осмонова Гулбарчындын иш ордун кароо боюнча шаардын мэри А.Т.Жумаевге сунушталсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Я.Т.Абдурахманов.