Загрузка документа…
КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 47
Профилин өзгөртүү жөнүндө
- Кочкор Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Октябрь көчөсүнүн № 15-үйүнүн 4-батиринин тургуну Артыков Муратбек Абдикаримовичтин жеке менчигиндеги турак үйүнүн жанында жайгашкан дүкөндүн пайдалануу багытын өзгөртүп, тиш дарылоочу оорукана курууга уруксат берүү боюнча жазган арызын, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Октябрь көчөсүнүн № 15-үйүнүн 4-батиринин тургуну Артыков Муратбек Абдикаримовичтин жеке менчигиндеги турак үйүнүн жанында жайгашкан дүкөндүн пайдалануу багытын өзгөртүп, тиш дарылоочу оорукана курууга уруксат берилсин.
3. Профилин өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |