КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 48
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен сатуудан алынган салыктын эсебинен (средства передаваемые) келген 6 000 000(алты миллион) сом акча каражатын 2017-жылдын иш планындагы көрсөтүлгөн курулуш иштерине иштетүүгө бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен сатуудан алынган салыктын эсебинен (средства передаваемые) келген 6 000 000(алты миллион) сом акча каражатын 2017-жылдын иш планындагы көрсөтүлгөн курулуш иштерине иштетүү үчүн бекитип берүү боюнча мэриянын бюджетке өзгөртүү киргизүүгө жазган катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен сатуудан алынган салыктын эсебинен (средства передаваемые) келген 6 000 000(алты миллион) сом акча каражатын 2017-жылдын иш планындагы көрсөтүлгөн курулуш иштерине иштетүү үчүн бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуунун мэр А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |