Загрузка документа…
КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 49
Келечек көчөсүнүн жашоочуларынын арызын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, Келечек көчөсүнүн жашоочулары мечит курууга жер тилкесин ажыратып берүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келечек көчөсүнүн жашоочулары мечит курууга жер тилкесин ажыратып берүү боюнча жазган арызы канааттандырылсын.
2. Келечек көчөсүнүн жашоочулары сураган жер тилкесин тийиштүү жерден ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуунун мэр А.Т.Жумаевге жана муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелер боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |