Редакцияот 05.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 50

№ 01-05/38 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен сатуудан алынган салыктын эсебинен (средства передаваемые) келген 2 170 400(эки миллион бир жүз жетимиш миң төрт жүз) сом акча каражатын 2017-жылдын иш планындагы көрсөтүлгөн курулуш иштерине иштетүү үчүн бекитилген № 01-05/38 токтомунун 3-пунктуна 2 170 400(эки миллион бир жүз жетимиш миң төрт жүз) сом акча каражаты боюнча мэриянын бюджетке өзгөртүү киргизүүгө жазган катынын негизинде шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 07-июнундагы кезексиз VI сессиясынын № 01-05/38 токтомунун төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин № 01-05/38 токтомунун 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын.

-Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен сатуудан алынган салыктын эсебинен (средства передаваемые) келген 2 170 400(эки миллион бир жүз жетимиш миң төрт жүз) сом акча каражатынын 1 000 000(бир миллион) сомун «Жомок» балдар бакчасынын имаратын ремонттоого, 500 000(беш жүз миң) сомун жумшак жана каттуу буюмдарды сатып алып жаңылоо үчүн бөлүнсүн жана калган сумма 2017-жылдын иш планындагы көрсөтүлгөн курулуш иштерине иштетүү үчүн бекитилип берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуунун мэр А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Я.Т.Абдурахманов