Загрузка документа…
КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 51
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Назарова Жазгулдүн Токтогул көчөсүнүн № 34-үйүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан жеке менчигиндеги кафе үчүн курулган курулуштун пайдалануу багытын өзгөртүп, аптека куруу үчүн өзгөртүү боюнча жазган арызы боюнча, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылсын.
2. Назарова Жазгулдун жеке менчигине таандык болгон Токтогул көчөсүндөгү номуру жок кафе үчүн курулган курулуштун пайдалануу багытын өзгөртүп, аптека курууга уруксат берилсин.
3. Профилин өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |