КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 52
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсүнүн № 42-үйүнүн 2-батиринин тургуну Сарымсаков Эркинбек Расулбердиевичке жеке менчигиндеги турак үйүнүн профилин заман бап тиш дарылоочу оорукана ачуу үчүн өзгөртүү боюнча жазган арызы боюнча, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсүнүн № 42-үйүнүн 2-батиринин тургуну Сарымсаков Эркинбек Расулбердиевичке жеке менчигиндеги турак үйүнүн профилин заман бап тиш дарылоочу оорукана ачууга үчүн өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Профилин өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |