Загрузка документа…
КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 53
Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Токтогул көчөсү менен Октябрь көчөсүнүн кесилишинин түштүк-батыш тарабында жайгашкан авто токтоочу жайдын күн батыш тарабына бир катар орнотулган контейнерди соода сатык үчүн пайдалануу максатында Жумалиев Самарбектин жазган арызы боюнча, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 30-сентябрындагы кезексиз XXI сессиясынын № 01-05/113 токтомунун 1-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1-пунктунун 4-абзацындагы «батыш тарабынан гана» деген сөздөрдөн кийин, «соода түйүнү үчүн» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |