Загрузка документа…
КОЧКОР АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-июлу № 01-05/ 54
Г.Дж.Джаманкулова жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Эл башы А.Мамаев, шаар тургундары С.Маматисакова, Т.Жапарова, А.Кайбалиева, А.Эсеналиева, Б.Белекова жана А.Торогуловалардын шаардык Кеңештин КСДП партиясынан шайланган депутат Джаманкулова Гульбайра Джумабековна депутаттык мандатын өз кызыкчылыгына пайдаланып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын стаусу жөнүндө» мыйзамынын 8-1-беренесин бузуп шаар тургундарынын укугун тебелегендиги боюнча үстүнөн жазган арызын, шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы карап, жазган корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу кабыл алынсын.
2. Шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу менен шаардык Кеңештин КСДП партиясынан шайланган депутат Джаманкулова Гульбайра Джумабековнанын депутаттык мандатын алуу боюнча сунушу, КСДП партиясынын Кочкор-Ата шаардык саясий кеңешинде кароого сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |