Редакцияот 25.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Балыкчы Шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын I сессиясы

 

2016-жылдын 25-апрели № 2

Балыкчы шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 38 беренесинин 1 пунктуна ылайык жана шаардык Кеңештин регламентинин 2 бөлүмүнүн 3.5 пунктунун негизинде жана карап талкуулап Балыкчы шаардык Кеңешинин I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Балыкчы шаардык Кеңешинин төрагалыгынын орун басарлыгына

2. Алиев Максат Согушбекович жана Кожонов Алманбет Кыргызбаевич 31 добуш менен шайланды деп таанылсын.

3. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын референдум жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилсин.

4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

 

 

Төрага

О. Эсенгулов