Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 34-сессиясы
2016-жылдын 05-июлу № 19
Кара-Суу айыл аймагынын Бөлтүрүк арыгын тазалоо жана оңдоо жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловдун 2016-жылдын 27-июнунда катуу нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки айылдын тескей тарабындагы Бөлтүрүк арыгын селдин кесепетинен кум басып калгандыгы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын тескей тарабындагы Бөлтүрүк арыгын оңдоо түздөө, кумдан тазалоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Бөлтүрүк арыгын оңдоо түздөө тазалоо үчүн Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жеке жана жамаатык коргонуу каражатынан 30 000 (отуз миң) сом акча каралсын.
3. Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Кара-Суу айылдык аймагынын каржы бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабыловага милдеттендирилсин.
4. Бөлтүрүк арыгын тазалоо иштерин жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго милдетттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл кенешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Курманалиева |