Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 36-сессиясы
2016-жылдын 02-августу № 22
Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык багытын жогорулатуу боюнча Талас өнүктүрүү фондунан түшкөн каражат жөнүндө
Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын чечимине таянуу менен эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Б.Үмөталиев атындагы спорт комплексине бөлүнгөн 3,5га жердин түштүк батыш тарабынан мини футбол аянтчасын куруу үчүн 10 сотых жер бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилүүчү жердин докуметтерин даярдоо жагы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландарын бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Курманалиева |