Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 36-сессиясы
2016-жылдын 02-августу № 23
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен түзүлгөн типтүү келишимди карап, талкуулап чыгып, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актылырын каттоо департаменти менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишим бекитилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Курманалиева |