Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 36-сессиясы
2016-жылдын 02-августу № 23а
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү жана катышуу жөнүндө
Кара-Сууайылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүүчү II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүлсүн жана катышсын.
2. II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуу жана даярдык көрүү үчүн Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жеке жана жамаатык коргонуу каражатынан 20 000 (жыйырма миң) сом акча каралсын.
3. Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Кара-Суу айылдык аймагынын каржы бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабыловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Курманалиева |