Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 39-сессиясы
2016-жылдын 03-ноябры № 27
Кара-Суу айылдык аймагындагы Талас дарыясындагы күнгөй тарапка жана жайга кетүүчү көпүрөнү оңдоо жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Биримкуловдун Талас дарыясындагы күнгөй тарапка жана жайга кетүүчү көпүрөнү суу ташкыны жараксыз абалга алып келгендигине байланыштуу, кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймагындагы күнгөй жана жайга кеттүүчү көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Кара-Суу айылдык аймагындагы күнгөй жана жайга кетүүчү көпүрөнү оңдоо үчүн жеке жана жамааттык коргонуу каражатынан 70000(жетимиш миң) сом акча каралсын.
3. Билим берүү тармагындагы ар кандай чыгымдарга каралган акча каражатынан 35000 (отуз беш миң) сом, башкаруу тармагындагы ар кандай чыгымдарга каралган акча каражатынан 12640(он эки миң алты жүз кырк) сом, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке экономист-статисттин сентябрдан декабрга чейинки которулуучу айлыгынан жана соц.фондусунан 32360(отуз эки миң үч жүз алтымыш) сом акча каражаттары көпүрөнү оңдоо үчүн жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Курманалиева |