Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 39-сессиясы
2016-жылдын 03-ноябры № 28
Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Биримкуловдун Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражаты жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен түшкөн 300000 (үч жүз миң)сом акча каражаты төмөнкүдөй багыттарга жумшалсын.
2. Кара-Суу айылдык аймагындагы айыл өкмөтүнүн кеңсесинде интернет байланышы жок болгондугуна байланыштуу интернет булагына туташтыруу үчүн 36300 (отуз алты миң үч жүз) сом каралсын.
3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган ТП-802 400квт трансформаторун Талас РЭСинин балансына өткөрүү үчүн 60000(алтымыш миң) сом жумшалсын.
4. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесине эмеректерди алуу үчүн 203700(эки жүз үч миң жети жүз) сом жумшалсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Курманалиева |