Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июну № 1
Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын 13.03.2013-жылдагы V сессиясынын №1-токтому менен бекитилген шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарын негиз кылып, депутат А.Мамасыдыковдун баяндамасын угуп, депутаттардын пикирлерин эске алуу менен VI-чакырылыштын V-сессиясынын №1-токтому менен бекитилген шаардык кеңештин иштөө Регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү үчүн шаардык кеңештин I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 2.2-пунктунун 1-абзацы төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «шаардын мэрине ишенбестик билдирүү»;
2. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 3.4-пунктунун 1-абзацы төмөндөгүдөй абзац менен толукталсын: «Кворум болбой же башка шарттарда шаардык кеңештин төрагасы шайланбай калган учурда, шаардык кеңештин ишин үзгүлтүккө учуратпоо максатында шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шайланат. Көпчүлүк коалициянын сунушу менен шайланган төраганын орун басары шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин төраганын милдетин убактылуу аткарат».
3. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 5-бөлүмүнүн 5.3-пункту төмөндөгүдөй абзац менен толукталсын: «Ар кандай жагдайларга, себептерге байланыштуу туруктуу комиссиянын иши үзгүлтүккө учураган мезгилде, аталган туруктуу комиссияга караштуу олуттуу маселелер шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын биргелешип өткөргөн жыйынында каралып, шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылат. Зарыл жана олуттуу маселелерди тез арада чечүү максатында шаардык кеңеш жумушчу комиссия түзүүгө укуктуу. Жумушчу комиссиянын курамы жана мүчөлөрүнүн саны шаардык кеңештин сессиясында каралып, токтом менен бекитилет. Жумушчу комиссия тийиштүү зарыл болгон маселелерди шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарат».
4. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 3-главасындагы «топ» жана «топтор» деген сөздор алынып салынсын.
5. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 12-бөлүмүнүн 12.1-пунктунун экинчи абзацы (ишеним кат боюнча ченем) алынып салынсын.
6. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 4-главасынын 13.2. пункту алынып салынсын.
7. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 17-бөлүмү 17.4-пункту менен толукталсын: «17.4.Шаардык кенештин Регламенти кабыл алынган учурдан баштап кучуно кирет».
8. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаевага) милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жооптуу катчыга (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
10. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Махмудов |