ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII-чакырылышI уюштуруу сессия
2017-жылдын 29-июну № 3
Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 5-бөлүмүн негиз кылып, фракция башчыларынын жана депутаттардын сунушун эске алып, шаардык кеңештин I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңештин 4 туруктуу комиссия түзүү, туруктуу комиссиялардын аталыштары жана сандык курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия – 9 мүчө;
Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы – 7 мүчө;
Социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы – 7 мүчө;
Өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясы – 5 мүчө
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы ушул токтомдун №1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары шайланган протокол кабыл алынсын жана туруктуу комиссиялардын төрагалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Махмудов Адахамжон Даниходжаевич;
Социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясысынын төрагасы Чимбердиев Сайдилла Суюмбаевич;
4. Өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жеенбеков Давлатбек Абдимиталипович.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаевага) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Аканов |