Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 01-марты № 2
Айылдык кеңештин депутаты Жуманазаров Алмазбек Жапаркулович Ак-Жар айылындагы А.Султанбеков атындагы орто мектебинин директору болуп шайлангандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесине ылайык карап талкуулап чыгып, Долоно айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө» Мыйзамынын 3 – беренесине жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24- беренесине ылайык өз арызынын негизинде Жуманазаров Алмазбек Жапаркуловичтин депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Респупликасынын «Жергиликтүү Кеңештерин депутаттарын шайлоо» Мыйзамынын 52- беренесине ылайык Джуманазаров Алмазбек Жапаркулович депутаттык мөөнөтүнөн мурда чыгып жаткандыгына байланыштуу анын бош калган мандатын Долоно айылдык кеңешинин №6084 Долоно айыл аймагынын көпчүлүк добуш алган депутаттыка талапкерге, депутаттык мандаты ыйгаруу жагы Талас аймактык шайлоо комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин төрагасы Ө.Боркеевге жүктөлсүн.
Төрага | Ө.Боркеев |