Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-июлу № 88/14-4
“Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин аппаратында жана Токмок ш. мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болгондугуңа байланыштуу, “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” жөнүндө Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы №23/7-4 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиянын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Комиссиянын курамынан Кадыркулова Р.А.; Имамадиев Б.К. чыгарылсын.
- Комиссиянын курамына комиссиянын катчысы болуп – Сатыбалдиев Дж.М.; комиссиянын мүчөсү болуп Келдибеков Н.Б. киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |