Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 87/14-4
“Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 19.05.2017-ж. №911/1-4 кайрылуусун жана Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын Г.М.Сеитовага таандык болгон жеке менчик укугундагы жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндөгү 2017-жылдын 18-майындагы №6 протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- Токмок ш. Гагарин көчөсү, №75 дарегинде жайгашкан, Г.М.Сеитовага таандык болгон жеке менчик укугундагы аянты 3663 ч.м. жер тилкесин П-1 зонасынан (өнөр-жай ишканалары зонасы) Ц-1 зонасына (шаардын борбору зонасы) унаа токтотуучу жайды эсепке алуу менен көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана балдар аянттарын жана жайкы эс алуу чатырларын куруу үчүн которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |