Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 85/14-4
Гемодиализ ыкмасы менен канды экстракорпоралдык жол менен тазалоо бөлүмүн уюштуруу үчүн узак мөөнөттүү ижара укугу менен Токмок аймактык ооруканасынын аймагында жайгашкан колдонулбаган имаратты берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 28.06.2017-ж. №1207/1-4 Гемодиализ ыкмасы менен канды экстракорпоралдык жол менен тазалоо бөлүмүн уюштуруу үчүн “VK Company” ЖЧКга узак мөөнөттүү ижара укугу менен Токмок аймактык ооруканасынын аймагында жайгашкан колдонулбаган имаратты берүүгө макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гемодиализ ыкмасы менен канды экстракорпоралдык жол менен тазалоо бөлүмүн уюштуруу үчүн “VK Company” ЖЧКга 10 жыл мөөнөткө узак мөөнөттүү ижара укугу менен Токмок аймактык ооруканасынын аймагында жайгашкан колдонулбаган имаратты берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |