Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 84/14-4
Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3 “Токмок ш. муниципалдык менчик объектилеринин ижара төлөмүн эсептөө жана муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн коэффициенттерди бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 19.05.2017-ж. №911/1-4 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3 токтомунун “Токмок ш. боюнча муниципалдык жер тилкелерин колдонууга ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн Коэффициенттери” №2 тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) К1 – экономикалык – пландаштыруу зонасынын коэффициенти бөлүгү 8-пункт менен толукталсын:
«К1=5 зоналык категориясы (Чүй районунда жайгашкан Токмок ш. муниципалдык менчик объектилери жана жер тилкелери)»
2) К2 – экологиялык баалоо коэффициенти бөлүгүнө төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- «өнөр жай ишканалары – 1» абзацы «өнөр жай, кайра иштетип чыгуу ишканалары – 1» алмаштырылсын;
- «май куюучу бекеттердин маалыматтык такталарына жана башка элементерине – 5» абзацы кошулсун.
3) К3 – максаттуу (функционалдык) дайындалган жер тилкелеринин коэффициенти бөлүгүнө төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- «11) унаа токтотуучу жайлар жана автосервис ишканалары» абзацында «4,5» саны «2,5» санына алмаштырылсын;
төмөнкү абзацтар менен толукталсын:
- «унааларды токтотуучу парковкалар – 4»;
- «таштандыларды кайра иштетип чыгуу ишканалары – 1,6»;
- «май куюуучу бекеттердин маалыматтык такталарына жана башка элементтерине – 150».
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында басылып чыгарылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |