ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 82/14-4
Токмок ш. Жеңиш көчөсү, 217 дарегинде жайгашкан, жылуулук пунктун Токмок ш. муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 28.06.2017-ж. №1206/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Жеңиш көчөсү, 217 дарегинде жайгашкан, жылуулук пунктун Токмок ш. муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |