Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 81/14-4
Токмок ш. Гагарин көчөсү, №61, №63, №67, №69 жана Шамшы көчөсү, №35 дарегинде жайгашкан, жатаканалардын имараттарын Токмок ш. муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 19.05.2017-ж. №911/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок агроөнөр-жай колледжинин Токмок ш. Гагарин көчөсү, №61, №63, №67, №69 дарегинде жана Токмок индустриалдык–педагогикалык колледжинин Шамшы көчөсү, №35 дарегинде жайгашкан жатаканаларынын имараттарын Токмок ш. муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |