Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 79/14-4
“Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасына “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын алдындагы карыздарын жоюуга 15 000 000,0 (он беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2017-жылдын 08-июнундагы чыг.№1076/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 20-июнундагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасына колдонулган жаратылыш газы үчүн Токмок ш. ММБсы аркылуу “Мамлекеттик финансылык эмес ишканаларга субсидиялар” 2511-беренеси боюнча “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын алдындагы карыздарын жоюуга республикалык бюджеттен келип түшкөн 15 000 000,0 (он беш миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. “Токмок Жылуулук” МИси тарабынан алынган акча каражаттар максаттуу багыты боюнча так пайдаланылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |