Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 78/14-4
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XIII- сессиясынын 2017-жылдын 13-майындагы №74/13-4 “Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. вице-мэри С.В.Ступниковдун 18.05.2017-ж. чыг.№907/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XIII- сессиясынын 2017-жылдын 13-майындагы №74/13-4 “Жаныбарларды идентификациялоо жүргүзүү боюнча баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту алынып салынсын жана төмөндөгү редакцияда жазылсын:
“Ири мүйүздүү малдын 1100 баш эсебинен кызмат көрсөтүүлөрдүн жана материалдардын наркынын калькуляциясы бекитилсин:
белги сырганын 1 комплекти жана аппликатор – 41 сом 26 тыйын (кырк бир сом жыйырма алты тыйын);
каттоочунун кызматы – 28 сом 74 тыйын (жыйырма сезиз сом жетимиш төрт тыйын).”
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. вице-мэрине (С.В. Ступников) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |