Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 77/14-4
Токмок шаарында таштандыны иштетүү жана калдыктарды кайра иштетүү, биогазды жана жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча заводун куруу Долбоорун ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. биринчи вице-мэри Н.Б.Келдибековдун 22.06.2017-ж. №1163/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Beijing Best QINGYUAN the development of science and technology Co., Ltd” кытай компаниясы сунуштаган Токмок шаарында таштандыны иштетүү жана калдыктарды кайра иштетүү, биогазды жана жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча заводун куруу Долбоорун ишке ашырууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. биринчи вице-мэрине (Н.Б. Келдибеков) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |