Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 17-августу № 75
Мырза-Аке айылынын тургуну Омуралиев Урулбайга “ Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 36-беренесинин 2-пункттун жетекчиликке алып , социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып талыкпай эмгектенгендиги үчүн Омуралиев Урулбайга Мырза-Аке айылдык Кеңешинин “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |