Редакцияот 17.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

 

2017-жылдын 17-августу № 76

Мырза-Аке айылынын тургуну Абдразаков Байышка “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 36-беренесинин 2-пункттун жетекчиликке алып , социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып талыкпай эмгектенгендиги үчүн Абдразаков Байышка Мырза-Аке айылдык Кеёешинин “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеёештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Т.Жусупов