Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 17-августу № 78
Мырза-Аке айылынын тургуну Д.Маметовдун менчик “Баймундуз” коомдук пайдаланууга бассейн ачууга уруксат сураган арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , Айыл ,жер ,суу чарба өнөр жай курулуш,транспорт,байланыш, энергетика маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну Д.Маметовдун менчик” Баймундуз” коомдук пайдаланууга бассейн ачууга уруксат сураган арызы канааттандырылсын.
2. Райондук санэпидемстанция, өрт коопсуздугу,Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Өзгөн шаары ,Өзгөн,Кара-Кулжа райондор аралык экотехинспекция башкармалыгынан,жаратылышты коргоо бөлүмүнөн жана райондук Архитектура жана курулуш башкармалыгынан талапка ылайык бүтүм чыгарып берүү суралсын.
3. Райондук мамлекеттик администрациясынан ушул токтомду бекитип берүү суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеёештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |