Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 17-августу № 79
Коммунист айылындагы жаңы мечитке “Коммунист айылынын жамааттык мечити” наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги IX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2008 жылдагы № 467 токтомун жетекчиликке алып , социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коммунист айылындагы жаёы мечитке “Коммунист айылынын жамааттык мечити” наамы ,Коммунист айылынын жашоочуларынын суроо талаптары боюнча ыйгарылсын.
2. Коммунист айылынын жашоочулары белгилегендей мечит курууга көмөк көрсөткөн жарандардын тизмесин жазып илип коюу демилгеси жактырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеёештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |